“Мыкты жамааттык ЖМК — 2018” сынагы

                                  

Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги DW Akademie медиа уюмунун колдоосу менен жамааттык ЖМКлардын арасында “Мыкты жамааттык ЖМК — 2018” сынагын жарыялайт.       

Сынак 4 номинациядан турат:

  1. Олуттуу жетишкендик
  2. Жогорку жетишкендиктери үчүн
  3. Чыгармачылыгы үчүн
  4. Коомдун өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн

Сынак 2018-жылдын январь  айында башталып, ноябрь айында жыйынтыкталат.

Жеңүүчүлөр Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин 2018-жылдын ноябрь айында өтүүчү жылдык жыйынтыктоочу чогулушунда  сыйланышат.

Сынактын эрежелери:

  1. Олуттуу жетишкендик
    1. Жамааттык ЖМК өз алдынча эл аралык уюмдардан грант утуп алуусу
    2. Жамааттык ЖМК өз алдынча массалык иш-чараларды өткөрүүсү

Жеңүүчүнүн байгеси: фотоаппарат

  1. Жогорку натыйжалары үчүн
    1. Иштелген стратегиялык планды ишке ашыра алуусу же өнүгүү планынын болушу жана анын аткарылышы
    2. Жеке сайтындагы жаңылыктардын көп түрдүүлүгү
    3. Жамааттык ЖМКнын твиттер баракчасына жазылгандардын санынын көп болуусу

Жеңүүчүнүн байгеси: принтер

  1. Чыгармачылыгы үчүн
    1. Жеке сайтындагы материалдардын кызыктуулугу жана ар түрдүүлүгү
    2. Мультимедиалык материалдардын болуусу/материалдар ачык маалыматтардын жардамы менен даярдалышы

Жеңүүчүнүн байгеси: смартфон

  1. Коомдун өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн
    1. Жеке адамдын же айылдын, коомдун турмушун өзгөрткөн материалдардын болуусу
    2. Көйгөйлүү маселелерди чечкен материалдардын болуусу

Жеңүүчүнүн байгеси: диктофон

Кошумча суроолор үчүн байланыш:

Назира Джусупова

+996 773 800560

nazira.zhusupova@gmail.com

Айзада Калканбекова

+996 773 132770

aizada.media@gmail.com