Кымыз-дарылык касиетке ээ улуттук суусундук

135

Кымыз – дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңүүчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору.

Кыргыздын эң баалуу суусундуктарынын бири болгон бул- кымыз.

Түз-Ашуу жайлоосунда кымызды жасап эмгектенген Чынар Умуталиеванын  айтымында:

“Биздин келгенибизге быйыл 15 жыл болуп калды. Башында көп кыйынчылыктар болду, бирок  анын баарына чыдап, азыр баары жакшы. Бир күндө жасаган кымызыбыз 50-60 литр болот. Ден соолукка пайдалуулугу жакшы буйруса, жакшы жактары бар экен бээнин сүтүндө. Бир литр кымызды азыр 20 сомдон сатып жатабыз, башында келгенде 30-35 сомдон сатып жүрчүбүз. Кымыздан башка дагы сүт, айран, сары май, курут, каймак, тыбыт жасайбыз. Кымыздын ыкмасы биринчи бээни сайбыз, анан гүүчелек тыштайбыз, ыштайбыз. Негизи 3 күндө 1 жууп турса кымыз жакшы болот. Кымызды жасоодо көп эле кыйынчылыктар болот”, -деп билдирди Чынар Умуталиева.

Эс алуучу адамдар дагы кымыздын пайдалуулугун айтып жатышат. Талас шаарынын тургуну Нурайым Калыбаеванын айтымында:

“Биз биринчи жолу эмес, бул келишибиз 5 жолу десем жанылышпайм. Кымыз албетте жагат,  кыргыздын улуттук суусундугу десем болот. Бир күндө бир литр кымызды ичип түгөтпөйбүз, бир литр кымызды 2 күн ичсе болот. Ооба, кымыз пайдалуулугун берип жатат”,- деп айта кетти Нурайым Калыбаева.

Атайын алыс жактан келип, сүт ичкени жана эс алганы келген Базаркүл Алымбекованын айтымында:

“ Мен 3-4 жылдан бери келип жүрөм, 10 күнгө келем. Биз өзү Москвада иштеп жүрөбүз, балдардын жайкы эс алуусунда келгенбиз. Кымыз, сүт ичип келели деп. Мен негизи кымыз ичпейм, сүт ичем. Кышкы аба ырайына жакшы десем жанылышпайм. Башка жактан өзгөчөлүгү эми аба ырайы таза, өзүмдүн эл-жерим, башка жактан өзгөчө да эми. Мага таасири ооба, жакшы. 3-4 жылдан бери келип ичип турабыз”, — деп билдирди Базаркүл Алымбекова.

Кымыз ичүү бул-ден соолукка пайдалуу, андыктан кымызды ардайым ичип турунуздар.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева 

Жайкы мектеп сынагы үчүн