Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Суусамыр радиосунда

139

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Суусамыр радиосунда болуп кайтты. Бул тууралуу Сары-Булуң жамааттык мультимедиа жетекчиси Анара Маметова билдирди.

Кыргызстандагы жамааттык малымдоо каражаттарынын жетекчилери Суусамыр FM радиосуна тажрыйба алмашуу максатында келишип, түз эфирлер өткөрүлүп, радиодон алып баруучулук кызматты аткарышты.

Заман уктуруусунун алкагында “Бүгүнкү күндөгү балдардын билимге болгон умтулуусу жана интернетти колдонуусу” жана “Элдик медицина” деген темадагы түз эфирлерди  Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Анара Мааметова жана «Барскоон FM» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гүлкайыр Осмоналиевалар алып барышты.

Ал эми конокто Муратбек Жумакадыров, Жанар Алгожоева, Султанаалы Чакчагаев жана Айзат Түмөнбаевалар болушту.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова