Сүлүктү шаарынын тарыхы китебине коомчулуктун кызыгуусу күчөдү

270

Гапыр Мадаминовдун Сүлүктү шаарынын тарыхы китебине коомчулуктун кызыгуусу күчөдү.  Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, белгилүү тарыхчы-илимпоз Гапыр Маматкулович Мадаминов тарабынан Сүлүктүнүн 150 жылдыгына карата, Сүлүктү шаарынын тарыхын камтыган китеп, толукталуу менен экинчи жолу басмага даяр болду. Эскерте кетсек биринчи басылышы Сүлүктүнүн 140-жылдыгын белгилегенде, ошол учурдагы Сүлүктү шаарынын мэри Шадыбек Салимбекович Бакибековдун колдоосу менен чыккан. Экинчи басылышына учурдагы Сүлүктү шаарынын мэри, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Даңк медалынын ээси, Рахманберди Эрматович Абдыназаров колдоо көрсөтүп жатат. Китеп автору Мадаминов тарабынан он жыл бою архивдик материалдар менен толукталып, коомчулуктун пикири да эске алынып, эң негизгиси Гапыр Маматкуловичтин уникалдуу  «Акыл Эмгегинин маданияты» теориясынын ыкмасы менен жазылды. Ошондуктан коомчулукта кызыгууну жаратып, окурмандар чоң үмүт менен күтүүдө. Мисалга алсак, Султанов (Студенческая) көчөсүнүн тургундарынан төмөнкү материал сунушталууда: Урматтуу Сүлүктүнүн тарыхынын жазылуусуна катышууну каалагандар, бардыгыңыздарды китептин басмага сунушталып жаткан долбоордук варианты менен таанышып чыгып, пикириңиздерди билдирүүгө чакырабыз. Белгилей кетсек, Сүлүктүдө өсүп чоңойгон илимпоз, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Энергетикасынын энциклопедиясынын автору Юрий Павлович Беляков да китепке илимий көз караштагы өзүнүн пикирин берди. Ошондой эле, ардагер врач, Аксакалдар сотунун төрагасы Эрежеп Гайбеков, башкы врач Асат Ибрагимов, башкы ветеринардык-врач Умарали Абдурасулов жана башкы санитардык-врач Мусуратилла Искановдор өз тармактары боюнча ой пикир, сунуш беришти. Көмүр өндүрүү тармагынан Нишанбай Джураев, Исманали Карабаев жана Каныбек Исмаиловдордон сунуш пикирлер берилди. Каалоочулар: 0554337791 вотсапп номерине же мобилдик 0772988810 номери аркылуу байланышсаңыздар болот.

Кабарчы:         Анварбек ТУХТАРОВ