Ооган-Талаа айылында тигүүчү жай ачылды

Ооган-Талаа айылында тигүүчү жай ачылды. Бул тигүүчү жайды Гулзат Осмонова аттуу айым иштетип келет. Айылдын элдеринин турмушу жеңилдеп, бул жерге өз буйрутмаларын берип жатышат.

Бул тигүүчү жайды ачууга 50000 миң сом акча каражат сарпталган. Бул жерде буйрутма менен да, буйрутмасыз да кийимдерди жана башка нерселерди тигишет.

Гулзат Осмонованын айтымында,

«Мен бул жерди ачканыма аз эле убакыт болду. Мен ар кандай көйнөктөрдү, шымдарды, пардаларды жана башка нерселерди тигем. Буйрутма менен да тигем, өзүмчө да тигем. Эми буйруса экинчи кабатын тигүүчү жай кылып туруп, биринчи кабатын болсо сулуулук салонун кылсам деген оюм бар,»-деди Осмонова.

Бул жерде Осмонова өзү жана бир тигүүчү кыз иштейт.

Даярдаган: Адилет Канат уулу