Мектеп жаңы окуу жылга даяр

Чүй областынын Жайыл районунда окуу жылы аяктаганда мектептерде жаңы окуу жылына даярдык көрүлүп, ремонт иштери жүргүзүлөт. Кайсы мектеп жаңы окуу жылына карата жакшы даярдангандыгын билүү үчүн Жайыл районунун билим берүү бөлүмү атайын комиссия куруп, мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерет.
2-июль күнү райондун билим берүү бөлүмүнөн жана акимиаттын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия Кара-Суу орто мектебинин ремонттук иштерин, окуу документацияларын текшерип кетишти. Мектептин 2018-2019-окуу жылына даярдыгы тууралуу жана комиссиянын чечими тууралуу биз мектептин директору Нургүл Алиева кыскача комментарий алдык эле: “Кара-Суу орто мектебинин жамааты жыл сайын окуу жылы аяктаганда мектепти келерки окуу жылына даярдайт. Бул ишке мектептин кызматкерлери жана жогорку класстын окуучулары колдон келишинче жардам беришет. Экзамендер аяктагандан кийин актай турган жерлер акталып, сырдала турган жерлери сырдалып, от жагуучу жайдын бузулган жерлери оңдолуп, тегерек-четтеги чөптөр чабылып, тазаланып, мектептин документациялары толтурулуп, текшерилип келерки окуу жылына даяр болушу керек. Бул биздин райондо илгертен бери иштелип чыккан бир жакшы иш. Быйыл биздин мектепти Жайыл билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Элмира Абдыкапарова жетектеген комиссия келип текшерип кетти. Комиссия мектебибизди кабыл алды. Кара-Суу орто мектеби жаңы окуу жылына даяр деп, чечим чыгарылып, “жакшы” деген баа менен текшерүүдөн өттү. Мектептин кызматкерлерине ремонт иштерине катышып, мектепти жаңы окуу жылына, чоң эмгек жумшап, даярдап бергендерине ыраазычылык билдиргим келет”, -деди Кара-Суу орто мектебинин директору.

Даярдаган: Данияр кызы Элиза

Сынак үчүн