“Кишимжан” конок үйү

70

Туризм — бүгүнкү күндө адамдардын жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Жылдын төрт мезгилинде мейли, кыш, жаз, жай  же күз болбосун миңдеген, миллиондогон туристтер дүйнөнүн төрт тарабына саякатка чыгышууда. Алар жаңы өлкөлөр, элдер, алардын кооз табияты, маданияты, тарыхы менен таанышууга кызыкдар.

Туризм — француз тилинен которгондо сейилдөө, сапарга чыгуу дегенди билдирет.  Эгерде силер ар түрдүү элдердин жашоосу менен таанышып, жаңы аймактарды, байыркы эстеликтерди, көрүнүктүү адамдардын аттары менен байланышкан, белгилүү окуялар болгон тарыхый жерлерди көргүңөр келсе, — жолго чыгасыңар, демек, силер турист болосуңар.

Талас шаарында туристтерди дагы тосуп алуучу атайын жайлар бар.  Алар абдан ынгайлуу келишет. Ошондой конок үйлөрдүн  бири  «Кишимжан».  Айтылган конок үйүнүн ээси Кишимжан Таштекееванын айтымында:

«Талас шаарында туризм тармагында иштейм. 20 жылдан бери иштеп келе жатабыз,  анткени союз тарагандан кийин мейманканалар жок болуп, тоолуу аймактарды өнүктүрүү деген проекти анан ошол жерге котормочу керек экен деп угуп калдык.   Ал жерге барып котормо менен иштедик. Бирок көрсө алар туризмди окутушуп  жатышыптыр. Ушул  керек экен деп үй-бүлөбүз менен чогуу окудук. Окуу семинар сыяктуу болуп, 1 ай окудук»,-деп билдирди Кишимжан Таштекеева.

Ал эми «Кишимжан» конок үйүнүн  кызматкери Шафия Каимованын айтымында:

«Менин бул жерде иштегениме 1 ай боло элек. Мен туристтерге тамактарын даярдайм, бөлмөлөрүн жыйнайм. Туристтерге кызмат көрсөткөн оорчулукту жаратпайт. Бул жерге иштегенге көнүп калдым жана чынын айтсам өзүмдүн үй-бүлөмдөй эле болуп калды»,- деп айта кетти Шафия Каимова.

Туристтер дагы канаттандырылып кетишүүдө конок үйү менен. Бельгия өлкөсүнөн  келген турист Виолеттанын айтымында:

“Hello! So I am from Belgium and we come here Kyrgyzstan. I had arrived in the town of Talas 3 days.I  visited Manas ordo. Tomorrow I’m leaving here. It is very beautiful in here.

Мен Бельгиядан болом. Талас шаарына келгениме 3 күн болду. Мен Манас Ордодо болдум. Эртең кетип жатам. Бул жер аябай жакты жана абдан кооз экен ”,-деп билдирди Виолетта.

Туризмди өнүктүрүү мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү. Андан өлкөбүздүн экономикасын жогорулатуу үчүн каражат табууга болот. Келечекте  Кыргызстан,  Египет,  Кытай, Франция, Италия өлкөлөрү сыяктуу эл аралык туризмдин маанилүү очокторуна айлануусуна ишенич бар.

Даярдаган: Саадат Нуржан кызы