Сүлүктү-150 жылдыкка карата алгылыктуу иштер жүрүүдө

89

Белгилүү болгондой, Сүлүктү шаары 2018- жылы, 150 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Бир жарым кылым карыткан бай тарыхы бар Кенчилердин шаарынын торколуу тоюна кандай даярдык болуп жатканындыгы жөнүндө окурмандарыбызга маалымат берүү үчүн,  дайыма иш үстүндө жүргөн, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Исманали Карабаевди кепке тарттык.   «Даярдык жакшы жүрүп жатат, Сүлүктү шаарынын мэри Абдыназаров Рахман Эрматович өзү башыда туруп, инфраструктураны, жалпы эле шаарыбыздын облигин жакшыртуу үчүн бир топ жана социалдык-маданий тармактарды өнүктүрүү боюнча бир топ түзүп, топторду тиешелүүлүгү боюнча эки вице-мэр жетектеп жатат. Мен көмүр өндүрүүчү болгонлугума байланыштуу 1- вице-мэр жетектеген инфраструктураны жаңылоо боюнча коомдук иш жүргүзүп жаткан топто мүчөмүн. Өзүм болсо, шаарыбызга жеке салым кошуу үчүн Элмуратов көчөсүндөгү аялдаманы жаңыдан заманбап куруп бердим. Мындан сырткары да жеке салымымды кошуп келе жатам. Иш эми кызып жаткандыктан, элибизге сюрприз болсун деп калган иштерди толук бүткөндөн кийин айтайын.»- деп кыскача маалымат берди.  Белгилей кетсек, Исманали Джумабаевич Карабаев Түркия мамлекетиндеги «Мамлекетти өнүктүрүү өз колубузда»- аттуу чоң илимий-практикалык конференцияда доклад жасап, Эл аралык деңгээлде жергиликтүү коомчулукту кантип өнүктүрүү боюнча илимий-практикалык макаласы чыккан.

Кабарчы:     Бакытбек  Сапаркулов.