Барскоон айылында аялдардын коомдогу орду жөнүндө талкуу өткөрүлдү

Барскоон айылында демократияга байланышкан аялдардын коомдогу орду тууралуу түз эфир болуп өттү. Эфирдин жүрүшүндө Барскоон айылынын аялдар комитетинин мүчөсү Созул Айбашева жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү реабилитациялык борборунун жетекчиси Аманкан Мамбетова катышты.

Коомдогу аялдардын орду,укуктары

Маектин жүрүшүндө жалпысынан аялдар өз укуктарын канчалык деӊгээлде биле алышат, эмне себептен аялдар саясатка көп аралаша алышпагандыгы туурасында сөз болду.

 

Мындан тышкары, айыл жериндеги аялдардын көбүнчөсүнө чоӊ көйгөй болуп жаралган жумушсуздук, сабатсыздыктарынын чектелгендиги туурасында талкуу болду.

Бул көйгөйлөрдөн кантип чыкса болот, зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөлөр, чыр- чатакка кабылган үй-бүлөлөрдүн маселелери тууралуу семинарлар өткөрүлөбү деген маселелер да четте калган жок.

Эфирдин жүрүшүндө аялдардын коомдогу орду жөнүндө баян, жергиликтүү тургундардан даярдалган кыскача сурамжылоо угузулуп талкуу жүргүзүлдү. Түз эфирден суроо берген активдүү катышуучуларыбыздын да суроолоруна жооп кайтарылды.

Даярдаган: Эрлан Абласов