«Үй-бүлөдө айымдардын укугу корголобу?» темасында талкуу болду

53

«Суусамыр FM» радиосунда «Демократия сааты» программасынын кезектеги уктуруусу үй-бүлөдөгү айымдардын укугуна байланыштуу болду. 

Үй-бүлөдө айымдардын укугу

Талкууга «Эл Мээри» коомдук бирикмесинин төрайымы Нурбүбү Токумова жана жаш мугалим, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү Аида Медетбек кызы катышты. Уктуруунун жүрүшүндө айылдагы айымдардын укугу ким тарабынан басмырланат, айымдардын коомдук иштерге активдүү катыша албагандыгына ким себепкер, кайнене-келин маселеси тууралуу айтылды. ошондой эле юрист, адвокат Айжан Кадырованын мыйзамдар тууралуу билдирүүсү угузулду. Бул тема боюнча айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзүлүп, көпчүлүк эл айымдардын укугу толугу менен корголбойт деген оюн билдиришти.