Сары-Булуңдагы жаштар саясаты түз эфирде талкууланды

103

Талкууга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо, спорт, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Марлис Олжотоев, Тогуз-Торо жаштар биримдигинин мүчөсү Кайыркүл Назарбекова жана Табылгыты айыл жаштарынын мүчөсү Жумабек Ысмановдор келип, айыл жаштарынын ишмердүүлүгү туурасында маалымат беришти.

Тогуз-Тородогу жаштар саясаты

Маек учурунда “Тогуз-Торо жаштар биримдиги өзүнүн районуна демөөрчүлүк кылып, кайрымдуу иштерди жана спорттук маданий иш чараларды өткөрүп келди. Мындан сырткары жаштар келечекке кандай максат коюу тууралуу маалыматтарды ала алышты”-деп билдирди Кайыркүл Назарбекова.

“Айылдагы жаштар коомдук активдүү иштерге катышып, тазалык акцияларын өткөрүп атышат. Айылыбыздагы туунун жанына жарыктандыруу тартууда, 220 метр казып отуруп, патриоттуулук, Ата -Мекенин сүйгөндүгү, үчүн жумуштарды жасады”-деп оюн баса белгиледи Марлис Олжотоев.

Эфир учурунда айрым тургундардын пикирлери, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Пархановдун эксперттик оюу угузулду.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова