Барскоон айылынын жергиликтүү кеӊешинин укуктары жана милдеттери түз эфирде талкууланды

 

Барскоон айылынын Жергиликтүү кеӊешинин укуктары жана мыйзамдары жөнүндө жергиликтүү тургундар көп деле биле бербейт. Алардын статусунда жазылган укуктары, мыйзамдары жөнүндө кененирээк талкуу болду.

Барскоон айылынын жергиликтуу кенеши

Жергиликтүү кеӊештин акыркы эки чакырылышынын төрагасы Насырбек Чекиров жергиликтүү өз алдынча башкаруу деген эмне, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү кандай укуктарга ээ, депутаттарга кандай чектөөлөр коюула тургандыгы жөнүндө кеӊири маалымат берип өттү.

Ал эми айыл депутаты Мурат Раматов регламент, айыл кеӊешинин статусу деген эмне, кандай учурда айыл өкмөтүнүн токтомун жокко чыгара алышат, кайсыл учурда айыл өкмөт башчысына ишеним көрсөтүшпөйт, жаштардын жана айымдардын депутаттка келиши маанилүүбү деген суроого жооп берди.

Мындан тышкары айыл жашоочуларынын жергиликтүү кеӊеш эмне иш аткарат жана алардын айылдагы орду деген суроого жүргүзүлгөн сурамжылоого жана жергиликтүү кеӊештин укуктары жөнүндө даярдалган баян угузулду.

Эфирдин жүрүшүндө мындан тышкары айыл өкмөттүн жооптуу катчысы бир эле учурда депутат боло алабы, жергиликтүү кеӊештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүүдө билими боюнча чектөөлөр кандай жана депутаттар өз алдынча администрациялык айыптарды сала алышабы деген суроолорго кеӊири токтолуп айыл тургундарга түшүндүрмө беришти.

Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда.

Даярдаган: Эрлан Абласов