Сумбулада талааны чегиртке басты

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 400 гектар жайыт жерлерди чегиртке басты. Учурда дарылар себилип, чегирткени жок кылуу аракеттери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Бахридин Өмүрзаков төмөнкүчө маалымдайт: «400 гектар жерге даары себилди. Бул үчүн 15000 сом каражат бөлүнгөн. Мындай учур мурда болгон эмес. Быйыл чегиртке көбөйдү. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирилген. Дагы каражат бөлүнсө дагы себилет». Дыйкан Ырысбек Жумагуловдун айтымында эгер чегирткени жок кылуу үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлбөсө түшүмгө чоң зыян алып келиши мүмкүн дейт:«Быйыл талаада чегиртке көп. 4-5 түрү бар. Өкмөт тарабынан аракеттер көрүлбөсө түшүмдүүлүккө чоң зыянын тийгизет».

Даярдаган: Данияр Исакбаев