Сүлүктүдөгү «Тоо бүркүтү» лагери ишин баштоодо

203

Сүлүктүдөгү «Тоо бүркүтү» балдардын эс алуу лагери 2018- жылдын жай мезгили үчүн сезондук ишин баштап жатат.

Бул боюнча Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошунунун төрагасы Канатбек Кудаяров «Окуучуларыбыз каникул мезгилиндеги убактысын туура пайдалануусу үчүн атайын долбоор менен 10 күндүк жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Лагерге 10 жаштан 17 жашка чейинки бардык сүлүктүлүк окуучулар катыша алат. Жылдагыдан өзгөчөлөнгөн жагы лагерь мезгилинде спорттук оюндар менен бирге математика жана англис тили сабактары боюнча курстар, дебат клуб программалары кошо камтылган. Тамак- аш, жол кире, атайын курстар кошулуп лагердин жолдонмосунун жалпы баасы 4 миң сомду түздү. Окуучулардын социалдык абалдарына карап жеңилдиктер да каралган. Мисалы, Республикалык олимпиаданын байгелүү орундарын алган гимназисттерге Айзада Эркинова 10-класс, Кызжибек Саматова 9- класс, 100% бекер жолдонмо берилет. Толук маалымат алууну каалагандар жарыяда көрсөтүлгөн номерлерден телефон аркылуу сурап билсе болот»- деп маалымат берди.

Кабарчы:       Бакытбек САПАРКУЛОВ