Сүлүктүдө Орозо айт намазы борбордук аянтта окулат

388

Сүлүктү шаары боюнча бардык момун мусулмандар Орозо айт намазын 15- июнда окуйт. Бул боюнча Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Молдо Артык Мадаминов «Кудай буюрса Орозо айт намазын 2018-жылдын 15- июнь күнү Исхак Раззаков атындагы Сүлүктү шаардык борбордук аянтында окуйбуз. Ал эми Кошбулактын тургундары Кошбулактагы «Мухаммед» борбордук мечитинде да окуса болот. Эки жакта тең бир убакта саат 7 ден 40 минута өткөндө Орозо айт намазынын башталуу убактысы деп белгилегенбиз»- деп маалымат берди.

Кабарчы:           Бакытбек САПАРКУЛОВ