Кошбулакта мобилдик төлөмдөрдү кабыл алуучу орнотмо иштей баштады

135

Кошбулакта алгачкы жолу мобилдик төлөмдөрдү кабыл алуучу автоматтык жабдуу иштей баштады. Жабдуу Кошбулактын борборундагы «Икрам Ата» менчик дүкөнүндө орнотулган. «Бул кадимки чоң шаарларда орнотулган эле орнотмо. Азырынча бул автоматты колдонуу менен бардык уюлдук операторлого кошумча акы төлөбөй бирдик жүктөсө болот. Эми электр энергиясына жана башка коммуналдык тейлөөлөр үчүн акы алуу кызматын туташтырып жатамын. Максат элибиздин жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүү. Келечекте дүкөнүмө чоң шаарлардагы автоматтык тейлөө көрсөтүүчү жабдуулардын бардыгын ортомун деген ниетим бар»- дейт дүкөн ээси Өмүрбек Джураев. 

Кабарчы:       Бакытбек САПАРКУЛОВ