Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булун айыл аймагына караштуу “Седеп” балдар бакчасында 1- июнь Балдарды коргоо күнү өткөрүлдү.

89

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булун айыл аймагында “Седеп” балдар бакчасында 1- июнь Балдарды коргоо күнү өткөрүлдү.

Бул тууралуу бакча жетекчиси Рахмат Солтоева төмөнкүлөрдү билдирди: «Майрам тарбиячылар менен балдардын коштоосунда өттү. Тарбиячылар өздөрүнүн группасы менен чакан концерт коюшту. Группадагы 5,6 жашар балдар ыр,бийдин коштоосунда бакча менен коштошушту. Тарбиячылар, балдар болуп тиктирген көйнөктөрүн кийип ырдап, бийлешти»- деди.

Бул кечеде мектеп директору Венера Эпеева жаш жеткинчектерди куттуктап, сөз сүйлөдү. Ата- энелер комитети бүтүрүүчүлөрдүн атынан микрофон, жалпы ата-энелердин атынан бакчага чаң соргуч белек кылышканын кошумчалады.

Бакчадан мектепке 8 окуучу кетишти. Бул ар жыл сайын өткөрүлүп турат. Бүтүрүүчүлөргө белек, виньетка белек кылынат.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова