Облустук олимпиадага катышкан Сүлүктүлүк гимназисттер Тажикстанга саякатка барып келишти

295

Предметтер боюнча откөрүлгөн олимпиаданын Облустук туруна жана Республикалык туруна катышып байгелүү орундарды алып келген Сүлүктүдөгү №9- гимназиянын гимназисттери жана даярдаган мугалимдери Тажикстандын музейлерине саякатка барып келди. Ата-энелер комитетинин колдоосу менен уюштурулган бул саякат учурунда Тажикстандагы Б. Гафуров атындагы Академиялык музейге, (ичинде И. Раззаков каанасы бар), Ленинграддагы Эрмитаждын көчүрмөсү болуп курулган Арбоб архитектуралык-музей комплексине жана Хожент шаарындагы край таануу музейине саякат кылып, соңунда Кайраккум суу сактагычынын жээгиндеги «Бахористон» туристтик борборундагы айбанаттар багын көрүп, катерге түшүп кайтты.  «Учурда Мамлекетибиз боюнча олимпиадага катышкандарга шык берүү иштери жакшы жолго коюлган. Мисалы, Баткен шаарынын мэриясы олимпиядачы окуучуларга мотивация берүү үчүн 110 миң сом акчалай сыйлык берген. Биз да Ата-энелер комитетинин 9 мүчөлөрү биригип, ортодо 12 миң сом чогулттуп, бердик. Саякатка барып келген гимназисттерибиздин кубанычына чек жок»- деп маалымат берди ата-энелер комитетинин төрайымы Гульнара Самадова. «Облустук жана Республикалык олимпиадага катышкан 12 гимназист менен аларды даярдаган мугалимдери болуп 20 киши барып келдик. Музейлерди көрүү гимназисттерибизди билим баалуулугуна шыктанууга түрткү болуп, ой өрүшү кругозорунун өсүүсүн шарттайт»- деп маек берди гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.

Кабарчы:      Айзада ЭРКИНОВА