Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган таймаш

112

Бакай -Ата районунун саламаттыкты сактоо кызматкерлердин катышуусунда өтүүчү иш чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга №10  Үй -бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу мээрманы Акбермет Момункулова билдирди. Иш- чаранын негизги максаты кыргыз тилин өнүктүрүү жана салым кошуу. Ошондой эле улуу жазуучубуздун жазган чыгармаларын да 90 жылдык маарекесине арнап аткарышты. 

Ал эми Боо -Терек айылынын №9 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрманы Энелер күнү майрамы да кошо белгиленгенин кошумчалады.

Анын айтымында, «Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  жана энелер күнүнүн майрамын дагы чогуу өткөрдүк. Иш- чарага жылпы үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунан төрт командага бөлүнүп катыштык. Таймашта жазуучүбуздун чыгармаларынан үзүндү жана энелерибизге арнап ыр десте сундук».

Жыйынтыгында, ар бир командага белектер тапшырылып, эң жакшы маанай менен аяктады деген ойлорун айтып өттү.

Даярдаган: Толгонай Тимурова