Балдар үчүн майрам уюштурулду

1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Кара-Суу айылынын орто мектебинде балдарга арналган майрам болуп өттү.
Майрамды Кара-Суу орто мектебинин жамааты жана Кара-Суу айыл өкмөтү уюштурду. Балдар эртең менен мектепке чогулушуп, ар кандай оюндарды ойношту, асфальтка сүрөт тартуу боюнча конкурс уюштурулуп, алдыңкы орун алгандар “Ак кептер” медиаборборунун сыйлыгына ээ болушту. Балдарга волонтерлор тарбынан фотосүрөттөр чыгарылып берилди. Жана ошондой эле “Ак кептердин” волонтерлору да майрамга активдүү катышкандыгы үчүн фотосүрөттөр менен сыйланышты. Майрамдын аягында балдарга балмуздактар тартылып берилди.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, Данияр кызы Элиза