Талас шаарынын казыяты маданият чөйрөсүндөгү адамдарга ифтар өткөрдү

213

Ар бир жылдын бир гана айы бардык мусулмандар үчүн эң ыйык ай эмеспи. Рамазан айында орозо туткан адамдын кылган күнөөлөрү кечирилип, тозок отунан сактанат деп айтылат. Бирок бир гана тозок отунан эмес мусулман адамдын кылган иштерине туура келбеген ыплас иштерден да сактай турган ай.

Рамазан айында кимде-ким орозо туткан инсандарыбыздын оозун ачырса анда бир канча сооп иштерди кылганга барабар деп, анын сыңарындай Талас шаарынын казыяты жана аты аталбаган биздин инсандарыбыз Талас шаарынын маданият чөйрөсүндө иштеген орозо туткан инсандарыбызды чакырып ооз ачырды, бул тууралу кененирээк маалыматка көңүл бурсак.

“Майрамбек уулу Нурсултан АДЕП-БАШАТЫ фондунда эмгектенем. Бул ооз ачыруу негизинен эле маданият чөйрөсүндөгү байке-эжекелерибизге арналган. Айымдарды Ташманбет-Ата кафесине ал эми мырзаларды Айдың-Төр ресторанына чакырып ооз ачырдык. Ал эми ушул ооз ачыруунун демөөрчүлөрү аты-аталбаган биздин инсандарыбыз десем жаңылышпайм,”- деген сөздөрүн кошумчалап өттү.

“Мейман келе тургандай үйүңдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут”-демекчи биздин орозо туткан ыйымдарыбыз да келип өз ыраазычылыктарын айтышты.

“Мен Жусупова Моймол Талас Мамлекеттик Университетинде эмгектенем. Азыркы учурда биз Ташманбет-Ата кафесине ооз ачууга келдик. Биз жалпы аял заты эң биринчиден эле Адеп-Башатына ыраазычылык билдирмекпиз, себеби бул ооз ачырууну ар бир жылда өткөрүп келет жана ошондой эле бир гана ооз ачыруу эмес ар кандай жетишпеген үй-бүлөлөргө социалдык жактан да жардам берип келе жатат,”- деген ойлорун айтып өттү.

Жогоруда айтып өткөндөй эле жалпы аялзаты ыраазы болуп өз баталарын берип кетишти жана алардын арасынан дагы бир катышуучунун айтымында:

“Мен Насыйкат Курманбековна жалпы эле аялзатынын атынан уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирмекчимин жана орозо туткан инсандарыбыздын орозосу кабыл болуп тилеген тилектеринин кабыл болушуна тилектешмин,”- деп өз ыраазычылыгын билдирди.

                      Даярдаган: Толгонай Тимурова