Талас шаарына эки таштанды ташуучу машина алынды

70

Бир жума мурда Талас шаарына алынган 4 млн 673 миң сомдук таштанды ташуучу камазга айдоого адис жок, ишке бериле элек. Бул тууралуу Талас шаардык коммуналдык чарба бөлүмүнүн жетекчиси Эркин Аскаров билдирди.

Айтымында, «Бизге 4 млн 673 миң сомдук таштанды ташуучу камаз өнүктүрүү фонду тарабынын каржыланып берилди. Бул камаздарды көптөгөн текшерүүлөрдөн өткөрдүк. Камаздын ишке берилбей тургандыгынын бирден бир себеби айдоочу адис жок болуп жаткандыгында. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе таштанды ташуучу камаз 2014-жылы чыккан жана 12 куб таштанды көтөрө алат. Ал эми алдыда көчө жууп-тазалоочу эки камаз келүүсү күтүлүүдө деген ойлору менен бөлүштү.

 Даярдаган: Зоотбек Ботукеев