Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан окуу курстары өткөрүлдү

49

Тогуз-Торо районуна караштуу Көк-Ирим, Сары-Булуң, Атай айыл аймактарынын муниципалдык кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары 10 күндүк окуудан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Курска катышкан Сары-Булуң айыл аймагынын жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков төмөндөгүлөрдү оюн билдирди: “Мен бул окуудан муниципалдык кызматкерлердин өздүк укугун, иш кагаздардын жазылышы жана мамлекеттик жана муниципалдык туралуу жаңы мыйзамдарды биле алдым”, — деп оюн билдирди.

Тогуз-Торо районуна караштуу беш айыл өкмөтү жана беш айылдык кеңеш бар.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова