Кара — Буура райондук сотунда ачык эшиктер күнү болду

107

28–майда Талас облусунун Кара — Буура райондук соту Кара — Буура  районунун Кызыл-Адыр айылындагы Токтогул Бабанов атындагы лицей-интернатынын сегизинчи, тогузунчу, онунчу класстарынын окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди. 

Райондук сотунун судьясы Узак Ташматов конокторго соттун эшигинен баштап имараттын жайланышы, кеңсенин кабинети, сот жыйналышынын залдары, судьялардын, консультанттардын, судьянын жардамчыларынын жана сот жыйналышынын катчыларынын жумуш кабинеттери менен тааныштырды.

Бөлүм башчысы Айман Манасбаева соттун аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттери жөнүндө айтып берди. Ошондой эле окуучулар жарандык ишти кароо боюнча ачык сот отурумуна угуучу катары катышышты. Мындан тышкары, судья Узак Ташматов иш чаранын катышуучулары менен укук таануу жаатында маек куруп, өзүнүн насааттарын айтты.

Белгилей кетчү нерсе, аталган иш- чаранын максаты жаш муундардын укуктук маданиятын көтөрүү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат.

Окуучулар өз кезегинде, четте калбай маектешүүгө жигердүү катышып, жарандык – укуктук жөнгө салуу жаатындагы үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу, эмгек мыйзамдары жөнүндө, ошондой эле соттордун ишмердүүлүгү боюнча суроолорун беришти.

Иш чаранын соңунда фемида өкүлү окуучуларга лицейди аяктагандан соң ийгиликтүү окуу жайларга өтүшүн каалап кетти.

Назгуль Кулушева

пресс-секретарь Таласского областного суда