Суусамыр айыл аймагынын кире бериши жасалгаланды

235

Суусамыр айылынын кире бериш жерине айылдын аты жазылган арка коюлду. Бул арканы Суусамыр орто мектебин жыйырма жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлѳр тарабынан коюшту. Азыркы учурда арка орнотулуп бүтүп айыл тургундарына колдонууга берилди. 

Бул тууралуу 20 жылдык бүтүрүүчү Съездбек Асылбек уулу айтып берди:

“Бул арканы 1998- жылы бүткѳн бүтүрүүчүлѳр тарабынан уюштурдук. Ал демилгени эл үчүн, жер үчүн деп мен ѳзүм баштагам. Өзүм классташ балдарыма айттым, алар колдоп берди. Анан ошентип жалпы биргелешип макулдашып, жасадык. Жалпы он беш бала болдук, жалпы баасы эки жүз кырк миң сом сарпталды. Октябрь айынан баштап жасалды,майдын он сегизинде койдук”.

Суусамыр айылынын тургуну Айнура Аманкулова бул иш-чараны колдоорун билдирди:

“Бул коюлган аркага оюбуз жакшы. Быйылкы жыйырма жылдыктар коюшту.  Суусамырга кирип келе жатканда жакшы көрүнөт экен. Эң жакшы деген баа берем”.

Суусамыр айылынын пенсионери Саргоо Боргемиков дагы өз оюн билдирди:

“Арканы койгон балдарга чоң ыраазычылык билдирем. Ушулардын демилгеси менен арка коюлуптур. Эл үчүн, туристтер үчүн абдан кѳрүнүктүү нерселердин бири болуптур. Жакшы идеялардын бири десем болот. Ушундай балдарыбыз чыга берсин, эл үчүн, жер үчүн жасай беришсин!”

Бул демилгеге айыл тургундары ыраазы болушууда. Белгилей кетсек, жыл сайын жыйырма жылдык жана он жылдык бүтүрүүчүлѳр ѳз мектебине баалуу белектерди жасап келишет.

Даярдаган: Индусбекова Айтеӊир