Окуу жылы аяктады

25-майда мекенибиздин бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо майрамы болуп өттү. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде дагы бул күнгө арналган салтанаттуу майрам болуп өттү.
Кара-Суу айылы чакан айыл. Бүтүрүүчүлөр болгону жети окуучу. Бирок ошого карабастан Акыркы коңгуроо майрамы салтанаттуу, кызыктуу өттү. Бул майрамга Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Насипа Дженбаева жана Жайыл районунун өкүлү келип катышышты. Айыл өкмөттүн төрайымы өз сөзүндө бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, Кара-Суу орто мектебинин жамаатына айыл аймагынын коомдук иштерине активдүү катышып жаткандарын белгилеп, өз ыраазычылыгын билдирди.

Мектеп директору Алиева Нургүл бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, грамота, сыйлыктарды тапшырып, окуучуларга “ак жол” каалады. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо өзүлөрү даярдаган чакан концертин көрсөтүшүп, мугалимдерге өз ыраазычылыктарын айтып, акыркы коңгуроону кагышты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада