«Акыркы коңгуроо» аземи Сумбулада

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи майрамдалды. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-классынын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.

11-класстын бүтүрүүчүсү Баястан Батыров мектепти бүтүрүп жатканына бир эсе кубанса, бир эсе өкүнүп жатканын айтты:

«Абдан кубанычтамын. 11 жыл бат эле өтүп кеттиби деп ойлонуп жатам. Бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол! Баарыңарды куттуктайм».
Мугалимдер бүгүн бүтүрүүчү жана алардын ата-энелеринен көптөгөн алкыш сөздөрдү угушуп, гүлдөргө бөлөндү.11-классынын жетекчиси Асил Калматова бул күнү ата-энелер атынан алкышка бөлөнүп, кубанып турса да, окуучулар менен кош айтышууга туура келип жатканына кейиди:

«Бир жагы сүйүнүчтүү, бир жагы өкүнүчтүү. Анткени ушуга чейин мен окутуп, тарбиялаган балдарым мектепти бүтүрүп атат. Балдарга кааларым ак жол! Буйруса, алдыда келе жаткан экзамендерин ийгиликтүү бүтүрүп, каалаган ой-максаттарына жетишсин».Даярдаган: Данияр Исакбаев