Аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊешинин ишмердүүлүгү талкууланды

Барскоон айылынын аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊеши жөнүндө жергиликтүү тургундар билишеби, ушул эле аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊешинин айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымдарын билүүгө кызыгышабы деген ой жаралгандыктан алардын ишмердүүлүгү, укуктары жана милдеттерин жөнүндө маек курдук.

Аксакалдар соту

Эфирге Барскоон айыл аксакалдар сотунун төрагасы Сакил Шамырканов жана аксакалдар кеӊешинин төрагасы Сапар Курманбеков келди.

Маектин жүрүшүндө аксакалдар сотунун функциясы, соттун жана кеӊештин жылдык иш пландары, каралган маселелер, соттун чечимине нааразы тарап канча күндө кайда кайрыла ала тургандыгы, сот менен кеӊештин биргеликте иш алып баруусунун натыйжалары жана сот тарабынан чыгарылган чечимдер канчалык күчкө ээ экендиги жөнүндө сөз болду.

Ошондой эле түз алып баруу учурунда берилген суроолорго жооп беришти.

Эфирдин жүрүшүндө «Аксакалдар сотунун иш алып баруусуна сиздин көз карашыӊыз кандай» деген суроонун негизинде айыл тургундарынын жүргүзүлгөн сурамжылоо жана Аксакалдар соту жөнүндө даярдалган кыскача баян угузулду.

Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда.

Даярдаган: Эрлан Абласов