Спорттук мелдештин облустук этабы Бакай-Ата районунда өткөрүлүп жатат

67

«Дени сак улут- өнүгүп жаткан өлкө» урааны астындагы спорттук мелдеши Бакай- Ата районунда өтүүдө. Бул тууралуу аталган райондук администрация тарабынан билдиришти. 

Мында мыкты деп табылган ордо , кол күрөш, жеңил атлетика, тогуз коргоол, футбол, күрөш, волейбол боюнча мыкты оюнчулар тандалып, алдыда Ысык-Көл облусунда  өтүүчү Республикалык турда Талас облусунун атынан барышмакчы.

Оюндун жыйынтыгы менен Бакай-Ата району жалпы 18 упай топтоп облус боюнча 1-орунга жетишти. Ал эми 20 упай менен Талас районунун жалпы командасы күмүш, Кара-Буура командасы 24 упай менен коло орунду багындырса, Манас району 37 упай менен жеңилүү ызасына кабылышты. Ал эми Бакай-Ата районунун мелдештеги оюн түрлөрү менен бөлүп карасак, улуттук күрөштөн, таяк тартыштан,  тогуз коргоолдун эркектер тайпасы биринчи орунду алышты. Кол күрөш, волейбол аялдар тайпасы,  тогуз коргоол аялдар тайпасы жана жеңил атлетикадан 2-орунга илиништи. Ошондой эле жөө күлүктөрдө Талас району 1-орунду ээледи. Ордо жана волейболдун эркектер тайпасынан Бакай-Ата району 3-орунга ээ болушту.

   Даярдаган: Толгонай Тимурова