Сүлүктүдө отличник окуучулардын слетунун 10 жылдыгы белгиленүүдө

132

Сүлүктү шаардык маданият сарайында Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган отличниктердин слетунун 10- жылдык юбилейи өтүп жатат. Слётко Сүлүктү шаары боюнча бардык мектеп, гимназия жана лицейлерден окуудагы эң мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн окуучулар тандалып чакырылган.

Слетту шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдивахап Исманов ачып, отличниктерди куттуктоо сөзүн Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова сүйлөдү. Баткен Мамлекеттик Университетинин ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Ысмайыл Эралиев олимпиаданын Республикалык жана облустук турунун катышуучуларына ар бирине 1 миң сомдон 5 миң акчалай сыйлык берди. Ошондой эле Сүлүктү көмүр өндүрүүчү ишканалардын атынан акчалай сыйлык тапшырган «Таш Короо» ишканасынын директору Айна Базарбаевалар отличниктер слетун уюштурган уюштуруучуларга жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исмановго ыраазычылыгын билдирди.    

 Отличниктердин слету Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын 10-классынын гимназисти, 1-классынан бери жалаң «5» деген баага окуп келген, Республикалык олимпиаданын байгелүү орунун алган, Акыл Ордо сынагынын жеңүүчүсү, Айзада Эркинованын кайрылуусу менен жыйынтыкталды. 

Кабарчы:  Нүргүл Халжигитова