Жергиликтүү кеңештин милдеттери түз эфирде талкууланды

149

“Суусамыр FM” жамааттык радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган түз эфирдеги талкуу болду. Бул уктуруу “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып, Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фонду тарабынан каржыланууда. 

Жергиликтүүкеңештин милдеттери жана укуктары

Жергиликтүү кеңештин ишин талкуулоо үчүн Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматов жана эн жаш жергиликтүү депутат Адилет Күрүчбек уулу келген. Эфирдин жүрүшү радионун фейсбук баракчасында да түз эфирде берилди. Талкуу учурунда угармандардан суроолор келип жатты. Ошондой эле, айыл тургундарынын жергиликтүү кеңеш тууралуу ой-пикирлери да келтирилди. Талкууну радионун кызматкери Анарбек Калдыков алып барды.

Зыйнат Самарбек кызы