Жергиликтүү депутаттар айыл өкмөтүнүн адистеринин ишин укту

53

Бүгүн 21-майда жергиликтүү кеңештин кезектүү 17-сессия болду. Жыйынга 19 депутат катышып, күн тартибинде Суусамыр айыл өкмөтүнүн адистеринин 2017-2018-жылдар үчүн аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу, “Суусамыр FM” радиосунун иштери тууралуу маалыматын угуу жана ар кандай маселелер каралды.

1-маселе боюнча Суусамыр айыл өкмөтүнүн адистеринин иши угулду.  Муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Майрамбек Исмаилов өз иши тууралуу маалымат берди. Маалыматтан кийин депутаттар тарабынан адиске өз ишин баалоо боюнча жана ушул убакытка чейин иштерди кандай аткардыгы тууралуу суроолор берилди. Суусамыр айыл аймагында канча муниципалдык менчик бар, жарыктандыруу маселеси, арыктарды казуу, ит атуу боюнча тендерден өтүү тууралуу суроолор берилди.

Бугубек уулу Жыргал, Суусамыр айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси 2017-2018 жылында аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Депутаттар короо салыгын пенсионерлер жана 4 баладан ашык баласы бар үй-бүлөлөр салыкты ушуга чейин эмнеге төлөп жатышат жана адистер тарабынан элге салыктан бошотуу туурасында маалымат берилбегендиги тууралуу суроолор берилди. Арендага берилген чөп чабынды жерлерден канча салык чогулгандыгы тууралуу суроолор берилди. Айылдагы иштебей турган дүкөндөр салыктын кайсы түрүн төлөш керек жана алардын кабары барбы деген суроолорго жооп берилди.

Дүйшөналы уулу Урмат, Суусамыр айыл өкмөтүнүн жер адиси, Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу жердин аянты тууралуу маалымат берилди. Жерди арендага берүү жана анын акысы тууралуу, убагында үлүш албай калган жарандардын иши азыр кайсы абалда экендиги тууралуу, жер үлүш боюнча жеке адамдардын маселелери каралды. Депутат Урмат Алыпсатаров тарабынан эмне себептен жер участокторун бөлүштүрүү, ченөө боюнча иштерине жетишпей жаткандыгын сурады.

Көчөрөв Сатыбалды, Суусамыр айыл өкмөтүнүн аскердик кызмат боюнча адиси, Суусамыр айыл аймагындагы аскердик абал жана аскерге жарамдуу жарандар, аскерге кеткен жарандар тууралуу, ден- соолугуна байланыштуу жана альтернативдик кызматты өтөгөн жарандар тууралуу маалымат берилди. Депутаттар альтернативдик кызматта жүргөн жарандар тарабынан канча карыздар бар, мектептердеги аскерге чейинки даярдык сабактарын өтүүдө сиздер тарабынан практикалык  иштерди аткаруу боюнча пландарыныздар барбы, себеби мектептерде аскерге чейинки даярдоо сабактары жетиштүү деңгээлде өткөрүлбөйт деген сунуштар берилди. Аскердик билетти ала албай жүргөн мырзалар жана алардын маселесин чечүү жолдору, аларга болгон төлөмдөр  тууралуу талкууланды, бюджеттен эмнеге акча сурап, иш- чараларды уюштурбайсыздар деген суроолор берилди.

Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкер, Надира Эсенгулова жалпы социалдык абал тууралуу айтып, ден- соолугу боюнча, мүмкүнчүлүгү чектелген,  жакыр үй-бүлөлөр тууралуу маалымат берди. Депутаттар тарабынан, жөлөк пулду кандай үй-бүлөлөр ала алышпайт деген суроолор берилди.

Суусамыр айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Адис Бейшебаев, өзүнүн милдеттери жана укуктары тууралуу маалымат берди. Жаңы келген адис катары кайсы иштер менен алек болуп жаткандыгы тууралуу, ишемби кундөрү малга справка берилбей тургандыгы тууралуу айтты, депутаттар тарабынан ишемби күндөрү справканы күзгө чейин берип турушун сунушташты.

“Суусамыр FM” радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова жамааттык радионун иши жана кыйынчылыктары, келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

Ар кандай маселелерде, “Замандаш” партиясынын өкүлү 1-май айылына мечит салуу  боюнча маселеси каралды. Кожомкул балбандын 130 жылдыгын өткөрүү боюнча маалыматын берди.  Эмне себептен бул маараке 2018- жылы өткөрүлбөй калгандыгы тууралуу жана келерки жылы мааракени өткөрүү боюнча сунуштар, ой-пикирлер жөнүндө талкуу болду. Арамза көпүрөсүнүн бүтүрүлүшү, спорт комплексинин курулбай калгандыгына байланыштуу, эки айылга кичи мини футбол аянтчасын кайсы айылдарга курула тургандыгы талкууланып чечилди. Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы, депутаттарды ишембиликке чыгып берүүнү сунуштады жана депутаттардын колдоосуна ээ болду. Депутат Раxат Абдысатаров 24-25-26-май күндөрү Суусамырга медициналык кароо кызматы келерин кулактандыруу кылды. Адилет Рыскулбеков, жаш адистерди жумушка тартуу, спортко жакшы көңүл буруу сыяктуу маселелрди көтөрүп чыкты.

Даярдаган: Айзада Калканбекова