Сүлүктүлүк «Билим Time» кароосунун жеңүүчүсү салам жолдоду

117

Бишкектеги жогорку окуу жайынын биринде жыйынтыкталган «Билим Time» китеп окурмандарынын сынагында жеңүүчү деп табылган, Сүлүктүдөгү №9 гимназиянын бүтүрүүчүсү, биринчи курстун студенткасы Алия Шерматова учкан уясына салам жолдоду.

«Жалпы Сүлүктүлүктөрдү шаарыбыздын 150-жылдык юбилейи менен куттуктап, мени ушул даражага жеткирген ата-энеме, мугалимдериме терең ыраазычылык билдиремин. Ушул сынактагы жеңишим үчүн алган дипломум №9-гимназиянын бардык мугалимдери үчүн болсун, байге катары утуп алган 7 миң сом акча ата-энеме»,- деп Бишкек шаарынан саламын жолдогон Алия Шерматова, «200 ашуун китеп окурмандарынын арасынан ийгиликке жетүүңүзгө эмне себеп болду деген сурообузга: «биздин гимназияда дайыма көп китеп окууну талап кылган, бул үчүн шарт да түзүлгөн болчу. Андан сырткары дайыма китеп баалуулугун даңазалаган иш чаралардын өтүп турганы жеңишке жетүүмө себеп болду окшойт»,- деп маек берди.       Кабарчы:              Айзада ЭРКИНОВА