Сүлүктүдө «Энелер мектеби» программасы жыйынтыкталды

337

Сүлүктү шаарындагы мектептерде 2017 -2018- окуу жылына карата түзүлгөн Энелер мектеби жыйынтыкталды. Энелер мектеби программасы Кыргыз Республикасынын эмгек Сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун илимий эксперименттик тажрыйбаларынын негизинде иштелип чыккан «Ата-энелер сиздер үчүн» китебинин негизинде түзүлүп, Сүлүктүдөгү бардык мектептердин башталгыч класстарынын энелери үчүн курс катары киргизилген. 

«Энелер мектебинин натыйжасы менен «мектеп-окуучу-ата-эне» үч бурчтугун түзүүгө жетишип, жаш энелерибиз баланын жаш өзгөчөлүгү боюнча тарбиялоо усулдарынан билим алып, окуучуларыбыздын сабакка болгон мамилеси бир топ жакшырды, буйруса Энелер мектебин системалуу түрдө өнүктүрөбүз»,- деп маалымат берди башталгыч класстар боюнча эң тажрыйбалуу мугалимдердин бири Айнура Худойбердиева.       Кабарчы:  Айзада Эркинова