Кайрымдуулук кечеге айыл тургундары катышып келишти

110

 

Ушул жылдын 19-май күнү Нарын шаарында Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук кече болуп өттү. Ал кечеде жардамга муктаж өспүрүм балдарга жардам көрсөтүлдү. Бул кайрымдуулук кечесине Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары дагы катышып келди.

Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мультимедиа борборуна айыл тургуну Зулайка Кашиева билдирди.

Маалыматка караганда  мындай жардам жылына көрсөтүлүп турат.

“Мен ал жакка жээнимди алып баргам. Биз мындай кайрымдуулук кечесине жылына эки жолу барабыз. Ал жактан балдарга керектүү буюмдарды, окуу куралдарды, кийим-кечектерди жана акчалай жардам көсрсөтүп турушат. Бул уюштуруучуларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз”-дейт Зулайка Кашиева.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков