Сумбуланын селканаларына габион торчолор орнотулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында селканалардын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Бахридин Өмүрзаковдон маалымат алдык. Маалыматка караганда, аталган аймакта 15 үйдү сел каптап кетүү коркунучу бар. Сайларды бекемдөө үчүн ӨКМ тарабынан 498 даана габион торчо бөлүнгөн. Анын 423ү 5 айылдын селканаларына орнотулду. 36 адам, 1 даана самосвал, 1 авто жүктөгүч иштеп жатат.

Даярдаган: Данияр Исакбаев