Окуучуларга шире үчүн мектепке алма көчөттөрү отургузулду

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектепке Мерсико уюму тарабынан “Мектеп алдындагы бак” проектиси боюнча 96 түп алманын көчөттөрү отургузулганына бир ай болду. Көчөтөрдүн бардыгы жалбырак байлады.

Аталган мектептин география мугалими Эркинбек Садыровдун айтымында көчөттүн 96 даанасы алынып келгенин билдирди.

“Бул көчөттөр Мерсико уюму тарабынан каржыланып, “Мектеп алдындагы бак өстүрүү” проектиси боюнча келди. Көчөттөр 1200 доллардык проекти 30 сотыйга 96 түп 2 сорттогу алма отургузулат. Бүт алма бактын бардык тарабы сетка менен курчалып, ошонун ичинде алма көчөттөрү отургузулуп келечекте бул алмадан сок, как даярдалып 1-4-класска чейин тамак-ашына кошумча катары берилет”,-дейт долбоордун жетекчиси Эркинбек Садыров.

Ал эми ушул мектептин математика мугалими Акылбек Тууганбаевдин айтымында мектеп окуучулары жана мугалимдер да жапа тырмак ишенбилике чыгышты.

“Бул көчөттөрдү отургузуу иш чарасында 96 түп алма окуучулар менен жапа тырмак отургузулган. Келечекте өсүп келе жаткан муундарыбызга жакшы жактары тийгизет деп ойлойм. Келечек муундары үчүн аракет кылып жатабыз”-дейт Акылбек Тууганбаев.

Мамытов мектебинин президенти Кымбат Төлөмүшованын айтымында мектепте аз окуучу болсок да баарыбыз бирдей биримдикте көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына жигердүү катыштык дейт ал.

“Бул иш-чара жакшы деңгээлде өттү. Балдар жерлерди казышты биз болсо суу куйдук. Биз ишембиликтен көптөгөн нерселерди үйрөндүк жана бизден кийинки өспүрүмдөр дагы бул иш-чараны алып кетишине чоң ишеничтемин. Биз мугалимдер болуп жайкысындагы суу куюп карайбыз”- деп өз сөзүн жыйынтыктады Кымбат Төлөмүшова.

Даярдаган: Нурзада Бекенова