Арал айылынын тургуну Эсенкан Осмонакунова кол өнөрчүлүк менен алектенет

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну Эсенкан Осмонакунова шырдак шырып жана ошондой эле сайма саят.


Арал айылынын тургуну Эсенкан Осмонакунованын айтуусунда алты жашынан баштап кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

“Тукумдан- тукумга өтө берет дегендей бул өнөрчүлүккө энемден үйрөндүм. Азыркы убакта 65 жашка чыксам дагы шырдак шырыйм, жууркан көктөйм. Бул иштеримди сатыкка чыгарбай эле балдарыма белек катары берип келем,”- деп билдирди өнөр ээси Осмонакунова.
Эсенкан эженин жардамчысы Шайыр Токтогулованын айтуусунда, жаш кезинде курак курап, сайма сайган болсо, азыр шырдак жасайт:

“10жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Курактын өөндөрдөн кураса болот курактын түрлөрү бар: кабырга курак, омуртка курак жана башкалар көп, ал эми сайманы болгарский эле сайгам. Шырдак жасоо абдан эле оор болот, шырдактын оймосун оюу үчүн курч бычак керек болот”,- деп билдирди өнөр ээси Токтогулова.

Ал эми айыл тургуну Ася Жакшылыкованын айтымында апаларыбыз эң мыкты деңгээлде шырдак шырышат жана өз иштерин мыкты билген адамдар деп айтып өттү.
“Апаларыбыз айылда кадыр барктуу, урмат сыйга ээ. Бир нерсени жасаганда кылдаттык менен жасашат өздөрү сатыкка чыгаруудан баш тартып балдарына белек катары берип жүрүшөт. Бул апаларыбыздан жаш кыздарыбызга тарбиясы зор.” деп айтып өттү Жакшылыкова.
Даярдаган: Нурзада Бекенова