Айыл тургундары “Милдеттүү түрдө камсыздандыруу” боюнча маалымат алышты

2016- жылдан бери “Турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу” мыйзамы күчүнө кирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Талас облусундагы Бакай-Ата айылынын тургундары бул мыйзам боюнча маалыматы аз болгон.  «Бакай- Ата FM» жамааттык  үналгысы ушул теманын алкагында түз эфирде маек курду. 

2018- жылдын май айынан баштап, Бакай- Ата жамааттык үналгысында “Демократия сааты” программасы старт алды. Бул берүүдө элеттиктердин укуктук билимин көтөрүү жана демократиянын принциптерин жайылтуу максатында түз эфирде кызыктуу коноктор менен актуалдуу темаларды талкуулар болот.

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу

Биринчи уктуруу “ Турак жайды милдеттү түрдө камсыздандыруу” темасына арналган.  Эфирдин коноктору Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын Бакай- Ата району боюнча өкүлү Үсөнкул Жунусов жана Бакай- Ата району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Улан Доулбеков болду.

Эфирдин жүрүшүндө “ Турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу маанилүбү” деген суроонун  негизинде айыл тургундарына жүргүзүлгөн сурамжылоо даярдалган.

Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалды жана Кыргызстандагы Фридриx Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова