Таза суу алган кудуктар ачык бойдон калууда

29

Жайыл районунун Суусамыр айылындагы таза суу түтүктѳрү бузулуп, жанындагы кудуктардын оозу ачылып калганына беш жылга чукулдап калды. Айыл тургундары ичинен чака менен суу тартып алууга мажбур. Буга чейин биз бул темага кайрылганбыз, бирок бул көйгөй айылда маанилүү бойдон калууда.

Бул боюнча биз айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиевге кайрылдык:

“2005-жылы бул ишке берилген. Андан бери 13 жыл өтүп кетти. Колонкалардын абалы бүгүнкү күндө өтө оор. Тилеке каршы бүт кудуктардын бардыгы эскилиги жетип, азыркы учурда авария чоң кооптуу абалды жаратып жатат.”

Кудуктардын ачык болуусу айыл тургундарын кооптондурат. Бул тууралуу айыл тургуну Жылдыз Абамисилова өз оюн айтты:

“Суулардын үстүн жаап,сыртка чыгарып берсе жакшы болот эле. Кышында тоңуп, тайгаланып түшүп кете жаздайбыз. Жайында да ичи таштандыга толуп чаң, балыр басып кетет.Ошону карап берсе жакшы болмок.”

Биз айыл өкмөтүнүн башчысына эгерде ачык кудукта кандайдыр бир кырсык болсо ким жооп берет деген сурообузга мындай деп жооп берди:

“Бул жерде ар бир тургун жоопкерчиликтүү. Чындыгын айтканда ошол жерде кудуктан суу алып жатып жаш балдар ойноп, таш менен чапкылап жатса, бир да ата-эне “ай-кой” деп да коюшпайт. Анан мына люктардын баарынын ооздору ачык, муну сырттан келип эч ким уурдап кеткен жери жок. Жалпысынан ала келсек, азыркы күндө 15 колонка толугу менен иштеп жатат.Бул колонкаларды тегеректегилер өздөрү сактап калды, кышында тоңуп калса жакшынакай ысык сууларын куюп, жылытып алып сууларын алышат.”

Ал эми кудуктардын абалына  жана кокустук болуп кеткен учурда жоопкерчиликти  ким моюнуна аларын  айыл тургуну, көп жыл мамлекеттик кызматта иштеген учурда пенсионер Карыбеков Индусбек айтып берди:

“Мыйзам боюнча эгерде олуттуу маселе болсо СООППВнын жоопкерчилигинде  болуш  керек болчу. Бул үчүн суу алуучуларга айылдык кеңеш тарифти бекитип берип, суу алуучулар таза суу асоцациясына акча тѳлѳп туруш керек. Ошонун эсебинен ремонт иштерин жүргүзүп туруш керек  эле,”-деди.

Ачык кудуктар көйгөйүн чечүү жолдору тууралуу айыл өкмөт башчысы төмөнкүлөрдү айтты:

“Бул маселени чечүү үчүн быйыл бюджеттен акча карадык, айыл өкмөттүн акчасы жетишсиздик болгондуктан донорлорго кайрылдык. “Ас-сафа” фонду былтыр жардам беребиз дешкен. Тилекке каршы, алар ноябрь айында келип, суук түшүп калгандыгына байланыштуу биз оңдоо иштерин жүргүзө албай калганбыз. Быйыл 50 даана кудукту толук кандуу ондошот. “Ас-сафа” фонду тарабынан жана аны жетектеген Сыргак деген Суусамырлык жигиттин колдоосу менен быйыл бул ишти аягына чыгабыз деген чоң ишеничтебиз. Эгер ал донорлор болбой кала турган болсо, анда айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен экинчи жарым жылдыктан акча караштырып, толук кандуу оңдоого иш алып барабыз. Мына менин иштегениме 3 жыл болду, бир да сом бир да адам тѳлѳбѳйт. Быйыл биз “Достук”деген ишкананы ачтык. Учурда башкы суу сактагычта эки кароолчуну койдук. Эми оңдоо иштерин “Достук” ишканасы аркылуу жүргүзүп баштайбыз. Анан акчасын дагы ар бир адам 15 сомдон болобу аны  жергиликтүү кеңештин депутаттары менен чечип туруп, элден чогултуп, авариялык абал учураганда ошол акчадан оңдогонго шарт түзүүдѳбүз.”

Даярдаган: Назима Акишбекова, Айтеңир Индусбекова

мыкты макала сынагы үчүн