Мен жашаган аймактын экологиялык абалына көз жума албайм

Биз Ысык-Көлүбүздүн экологиясына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Анткени, көл бул жакынкы арада өтө өнүгүүгө жетүүчү туристик пункт болоору белгилүү. Кээ бирлерге таза жашоонун кереги жокпу же жөн гана жерге ташталган кагаз жаратылышка канчалык зыянын тийгизип жатканын ачык түшүнө албай жатышабы, айтор экологияны зомбулап эле келе жатабыз. Мунун кесепетинен экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабка өттү. Жаратылыштын кооздугуна атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомдук көңүл бурууга тийиш.

Адамзатынын азыркы жашоо турмушунда кайсы тараптан карабайлы экологиянын күндөн-күнгө начарлашы биринчи көйгөй болуп келет. Аларды чечүү үчүн жергиликтүү башкаруу мекемелеринен көптөгөн иш- чаралар өткөнү менен Ысык-Көлдүн жээгинин санитардык абалы өзгөрүүсүз бойдан калууда. Ар бир экологиялык зонада туризмди өнүктүрүү адам баласынын экологияга тийгизе турган терс таасирин эске алуу менен уюштуруу керек. Таштандыларды тазалоо жана жок кылуу, жакшы жолго койулбаган. Жергиликтүү тургундар менен турист меймандар экологиялык биосферадан өзүлөрүн туура алып жүрүү эрежелери менен тааныш эмес. Ысык-Көлдө таштандыларды көмүп жок кылуу үчүн полигондор жок, аларды ыргыта турган ачык жайлар гана бар. Ачык таштанды жайлары эч нерсе менен корголгон эмес, ошондуктан полиэтилен жана кагаз сыяктуу жеңил нерселерди шамал учуруп кетет. Жайкысын бул көп билинбегени менен, кышында желим баштык, кагазга толгон талааларды көрөсүң. Бул таштандылардын көбү эртедир-кеч көлдүн суусуна түшөт. Көлдүн жээги  менен түбү жөнүндө кеп такыр башка. Азыр суунун түбү ыктыярчылардын колу менен гана тазаланып жатат. Ал жакта болсо полиэтилен баштыктар, бөтөлкөлөр жана башка таштандылар толтура. Аларды табият өзү кайра иштетип жок кыла албайт.

 

Унаалардын көлгө аябай жакын токтотулушунун кесепетинен улам кум менен боз топурак аралашып пляждар уламдан улам кичирейип жатат. Түтүнү экологияга терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан көлдүн жээгинен 100 метр алыстык токтотуучу жайларды уюштуруу керек жана аны көзөмөлдө керек.

Көлдүн түштүк тарабында көп чоң айылдар жайгашкан күзүндө  малдар тоодон түшкөн мезгилде айыл тургундары малдарын колдүн жээгине кайтарышат. Бул нерсени эч ким көзөмөлдөбөйт. Ошондуктан малдын тезектери көлдүн жээгинде калат, жадакалса көлдүн ичине чейин кирип кетет ошондой эле жаш балдар ат менен көлдүн ичине кирип ойношот. Бул нерсе жайында келген меймандардын кызыгуусун качырат. Ысык-Көлдүн түштүгү каралбай, көңүл бурулбагандыктан баардык шаарты бар пляждардын жоктугунан жапайы пляждар коп көлдүн жээгинде чечинүүчү жайлар, даараткана, таштанды салуучу урналар жок, мурун бар болсо дагы азыркы убакта эскилиги жетип керектен чыгып калган. Төмөндөгү айтылган нерселердин баары туристерге, эс алуучуларга терс таасирин берет. Бардыка шарттарыбар отель, понсианттардын, пляждардын  жоктугунан улам, келгендердин саны аз. Көлдү көбүнчө мектеп окуучулары жана айыл өкмөтүнө караган мекемелердин ишкерлери, ыктыярчылар анда-санда барып тазалап келишет. Бирок бул дагы аздык кылат анткени убагы менен тазаланып, каралбайт.

 

Эгерде ар бир айыл өзүнө тиешелүү пляждарын убагы менен карап, тазалык боюнча муниципалдык иш каналар өз иштерин так жазашса көлүбүз кичине болсо дагы таза болмок. Эгер ушундай абалда уланса көлүбүздөн кол жууп калабыз. Ар бир жаран өзүн экологияга, көлгө аяр мамиле кылышы керек.

Ысык-Көлүбүз баа жеткис байлыгыбыз, биз аны туура күтүп алышыбыз керек. Эгерде көлдү туура пайдаланып, туризмге көбүрөөк басым жасасак элибизге дагы бир каражат табуу жолу пайда болмок. Эканомика жакшырган сайын элдин аң-сезими өсүп жаратылышка болгон мамилеси жакшырат, тазарат. Биз көлүбүздү ата-бабаыздан кандай өткөрүп алсак кийинки муундарга дал ошондой кылып өткөрүп беришибиз керек. Кийин «бул жерде жаркыраган көлүбүз бар эле»,- деп эстеп өкүнбөгүдөй бололу.

Даярдаган: Айдай Кудайбергенова

мыкты макала сынагы үчүн