Барскоондогу жаштар саясаты түз эфирде талкууланды

2018- жылдын май айынан баштап, «Демократия сааты» программасынын түз алып баруусу өткөрүлүп баштады. Мындан кийин дагы аталган долбоор боюнча демократияга байланышкан ар кандай темалар менен обого чыгабыз жана фейсбук баракчабызда түз аудио эфирге чыга алабыз. 

Барскоон айылындагы «Демократия сааты» программасынын түз алып баруусунда биринчилерден болуп, Барскоондогу жаштар саясаты болду. Бул темада Барскоон жаштарынын айылга тийгизген таасирлери, жаш айыл депутаттарынын көтөргөн маселелери, жаштардын эӊ көйгөйлүү болгон маселеси жумушсуздук, айыл ичинде жаштардын өнүгүүсүнө, эс алуусуна, билим алуусуна кошкон салымдары жөнүндө сөз болду. Жаштарды келечеги алдыда демекчи Барскоон жаштары дагы, Барскоонду шаар кылууга колдорунан келген аракеттерин жасашууда. Программанын алкагында жаштар айыл өкмөт менен биргеликте кандай иш алып баргандыгы туралуу сөз болду.

Барскоондогу жаштар саясаты

Эскерте кетсек, бул долбоор Кыргызстандагы Фридриx Эберт фонду тарабынан каржыланууда.

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева