«Жергиликтүү тургундар ижарага жерди кантип ала алышат» деген темада талкуу болду

223

Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү тургундардын ижарага жер алуусунда көйгөйлөр көп жаралгандыктан «Жергиликтүү тургундар ижарага жерди кантип ала алышат» деген теманын үстүндө маек курушту.

Бул эфирге  Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков жана айыл тургуну Чынара Конурбаева келди.

Маектин жүрүшүндө жер адиси жер боюнча ченемдик укук актылар тууралуу маалымат берди жана айыл тургунун суроолоруна, ошондой эле айыл тургундары  тарабынан келип түшкөн суроолорго да жооп берди.


Эфирдин жүрүшүндө «Ижарага жерлер адилеттүү берилеби» деген суроонун  негизинде айыл тургундарына жүргүзүлгөн сурамжылоо жана ижарага жер берүү боюнча атайын даярдалган баян уктурулду.

Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалды жана Кыргызстандагы Фридриx Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.

Даярдаган: Азем Маратова