«Келечекте кең көз караш» аталышындагы семинар болуп өттү

158

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» тарабынан уюшулган «Келечекке кең көз караш» аттуу мотивациялык семинар болуп өттү.



Бул өтүлгөн семинар тууралуу биримдиктин  мүчөсү Элвира Жаныкеева буларды билдирди:
«Келечекке кең көз караш аттуу семинарыбызды жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Келген спикерлерибиздин окуучуларга болгон сөзү түшүнбөй, окуучулардын спикерлерге болгон сөзү түгөнбөй, 2 бөлүмгө макулдашылган 40 мүнөттүк семинарыбызды окуучулардын суроо-талабы менен үчүнчү болугун да өткөрдүк. Ошондо дагы ортодогу кызуу пикир алышуу токтобой бөлүнгөн убакыттан алда канча узакка созулду.

Бул семинарга бир гана окуучулар  эмес Тогуз-Торо районунун тургундары, мугалимдери дагы келип, катышып кетишти. Ал эми семинарга окуучуларга сабак өтүү  үчүн атайын спикерлер чакырылган алар: «Ыйман» фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков өтүлгөн сабагынын негизи ыйман, маданият, адеп темасында болду. Ырыс Жоомартова психология, ийгиликтин сыры, шоу-бизнес тармагы боюнча, Нурбек Калыгулов «Сабат» кыргыз китеп борборунун жетекчиси кыялдардын орундалышы, ойдун аруулугу, каалоо, максат, аракет тууралуу, ал эми Кенже Султанбаева окууга умтулуу, чет тилдерин оңой үйрөнүү, тилге кызыгуу туурасында, Калчаев Кыргызстандагы эл аралык «Шанс» китепканасынын жетекчиси аракет кылуу, кыялдын орундалышы тууралуу сабактарды өтүштү.»


Ал эми ушул семинарга барып катышып келген 10-класстын окуучусу Бекзат Исак уулу: «Мен өткөрүлгөн семинарга барып катыштым. Мага өзгөчө Нуржигит агайдын өткөн сабагы өтө таасирлентти. Башка дагы спикерлердин сабактары да абдан жакты. Мен бул сабактардан кийин келечекке туура максат коюууну жана аракеттене билүүнү үйрөндүм»-деп билдирди.
Семинар Макмал орто мектебинде өткөрүлдү. Семинардын жыйынтыгында, келген спикерлерге ыраазычылык барактары жана активдүү катышкан окуучуларга атайын белектер тапшырылды.

Даярдаган: Азем Маратова