Тогуз-Тородо 60 жаштан жогорку аксакалдар арасында волейбол оюну болуп өттү

126

Тогуз-Торо районунун  Макмал орто мектебинде аксакалдар арасында зоналдык этап өттү. Оюнда 5 айыл аймактын аксакалдары ат салышып, аягында Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу курама командасы 2-орунду ээлешти.

Волейбол ойноп жаткандар арасында мугалим жана айыл тургундары бар.

Бул тууралуу айыл аймактын аскер учет башчысы Мурат Бердалиев билдирди: «Оюн кызыктуу өттү. Бардык командалар жакшы оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында Кара-Суу командасы 2-орунду ээлеп, райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана Сары-Булуң айыл өкмөтү тарабынан үч миң сом акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты”,- деди ал.

     Даярдаган:  Нуриза Рыскулова