Эч ким эч качан унутулбайт

Жеңиш күнү жер -жерлерде майрамдалып, эскерүү иш чаралары болуп келет. Бул жолку Жеңиш майрамын Куланак айылы да унутта калтырган жок.

9 — май Улуу Жеңиш күнүн ар бир инсан унутта калтырбоосу керек. Бул күнү өлкө ичинде ар кандай иш чаралар уюштурулуп, чон — аталарыбыздын, чон — апаларыбыздын эрдиктерин эскеребиз. Мына ушул биздин тарых болгон улуу күндү айылыбыз да унуткан жок. Дал ушул күнү айыл тургундары, мектеп окуучулары жана ардагерлерибиздин жакындары болуп жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна согушка катышкандардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Муну менен алар ардагерлерибиздин унутулбай, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жашай тургандыгын баса белгилеп кетишти. Жүрүш бүткөн соң баардыгы парктагы эстеликке гүл чамбар коюуга жөнөштү. Ал жакта курман болгондорго арналып гүл чамбар коюлуп, куран окулду.  

Эскерүү аяктаган соң мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концертине күбө болушту. Окуучулар ар кандай согуштук темада ыр, бийлерди аткарып жатышты.

Ар бир кылган нерселеринде бизди ушул күнгө жеткизген, өлкөгө тынчтык, жеңиш алып келген аталарыбызды эске салып жатышты.

Бул иш чара боюнча жүрүштүн катышуучусу Мария эже төмөнкүлөргө токтолду:

«Иш чара, жүрүш жогорку деңгээлде даярдалганы көрүнүп турат. Ушинтип бир эле жыл өткөрүп, токтотуп койбостон, жыл сайын бул саамалыкты улантсак абдан жакшы болоор эле. Анткени жыл өткөн сайын ардагерлерибиз да азайып бара жатат. Эгер такыр эле ардагерлер жок қалса, кийинки муун ата бабаларыбыздын басып өткөн жолун билүү үчүн биз өз салымыбызды кошуубуз керек. »

Бүгүнкү иш чара кандай  таасир калтырды деген сурообузга мектеп окуучусу Жаркынай мындай жооп берди:

«Бүгүнкү жүрүштөн мен өзүмө көптөгөн нерселерди ала алдым. Бул жүрүштөн кийин согушта курман болгондорду эч убакта унутпай, жүрөгүбүздө сактоо керек деген жыйынтыкка келдим. Анткени биздин бүгүнкү күнүбүз үчүн аталарыбыз салгылашышкан экен,» — дейт өз сөзүндө.

Согуштун айынан канчалаган үй-бүлөлөр кыйрады, канча көз жаш акты. Бирок ошол кайгы муңдун артынан жаркын келечектин таңы атты.

Согушта курман болгон аталарыбыз өздөрүнүн артында баатырдыктын эн бир чоң үлгүсүн калтырып кетишти. Биз ар бирибиз аларды унутпоого милдеттүүбүз.

Эч ким эч качан унутулбайт жана аталарыбыздын эрдиги жүрөгүбүздө сактала берет демекчибиз.

Даярдаган: Альбина Болот қызы,Ырысбай Адамалиев.

Сынак үчүн