Тогуз-Тородо “Өлбөс полк” акциясы уюштурулду

200

Тогуз-Торо районунда “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына карата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Аскер комиссариатынын демилгеси менен Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Өлбөс полк” акциясы болуп өттү.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди.

Казарман айылынын Жээналиев, Тоголок Молдо жана Кожалиев көчөсүнөн Кыдыров атындагы райондук эс алуу паркына чейин “Өлбөс полк” акциясында райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөлөрү, мекеме жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери, Токтоналиев атындагы №45 кесипчилик лицейинин эмгек жамааты, курсанттары, Чопиев атындагы спорт мектебинин спортчулары, Мойдунов атындагы Макмал, Абдраимов, Иманберди уулу Иса, Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин эмгек жамааттары, окуучулары

жана  райондо жашаган каалоочулар өздөрүнүн чоң -ата, чоң- эне, таята, таянелеринин  А4 форматындагы портреттерин, гүл, шариктерин көтөрүп  патриоттук ырлар, ураан чакырыктар менен коштолуп 2,5 чакырым аралыкта жөө жүрүш уюштурулду.

Мындан сырткары, райондук маданият кызматкерлеринин “От кечкен аталарга-таазим” аттуу театралдаштырылган оюн-зоок жана чоң  программадагы  концерт тартууланды.

Ал эми, Сары -Булуң айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлери Жибек Бексултанова жана Аписа Асановаларга Сары-Булуң айыл өкмөтү тарабынан 2000 (миң) сом акчалай белектер берилди.

Бүгүнкү күндө Тогуз-Торо району боюнча алты жесир энелер бар.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова