Сүлүктү-Лейлек жаштардын биргелешкен дебат клубу ишмердүүлүгүн баштады

286

Баткен облусунун жаштарынын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жаштарынан тандалып алынган командалар үчүн бүгүн Исфана шаарында Дебат клуб башталды. «Лидерлик сапаттар» аттуу семинар тренингде Сүлүктү-Лейлек боюнча жалпысынан 41 лидер жаштар тажрыйба үйрөнүүдө. «Жаштарыбыз өтө активдүү катышып жатат. Долбоор 2019-жылдын февраль айына чейин уланат»- дейт долбоордун ассистенти Акылбек Абдурахманов.  «Бишкек шаарынан жана Баткен шаарынан келген мыкты тренерлер кезек менен өтө кызыктуу тренинг өтүп жатат, өзүм жогорку билимдүү мугалим болсом да бул семинардан көп маалымат алдым»- дейт катышуучу, «Жаш FM» радиосунун ди-джейи Орозгүл Азимова.  «Биринчи тренингде эле өтө активдүү чыгаан жаштар тандалып алынганы байкалды. Долбоор соңунда Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча дебаттык клубдар ачылат,»- деп маалымат берди долбоордун менеджери Махмадияр Хасанов.    Кабарчы:       Бакытбек Сапаркулов