Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жарандарга шарт түзүлүүдө

230

 Бүгүнкү күндө Талас облусунун милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду камсыздандырылган жарандарга эң жакшы жеңилдиктер үчүн шарт түзүп берүүдө. Айта кетсек, мурунку мезгилдерде студенттер камсыздандырылбаган жарандарга кошулса, бүгүнкү күндө камсыздандырылган жарандардын санын толуктоодо. 

2015-жылдын 20-ноябрдан тарта Кыргыз Республикасы №790 берененин негизинде камсыздандырылган жарандар үчүн бир топ жеңилдиктерди киргизген. Азыркы учурда биздин жарандар эки топко бөлүнүшөт камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган. Камсыздандырылганына өкмөттүк жумушта иштегендер, пенсионерлер же деги эле жалпылап айтканда социалдык фондтун төлөмдөрүн төлөгөн адамдар. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан камсыздандырылган жарандар үчүн тогуз категория бекер каралат, алардан айта кетсем жалпы канды жана зараны анализдөө. Биздин 40,50% жеңилдетилген полис менен Талас облусундагы 22 аптека иштешет, Неман, Лекарь, Айтик, Алтын тамыр жана башка. Ооруканада жаткан камсыздандырылган 70тен ашкан адамдар акысыз дарылана алат, ал эми пенсионер бирок жаш курагы 70ке жетпеген болсо теропея 330 сомго, ал эми хирургия тарабына 430 сом төлөнөт. Бюджеттик тармакта өкмөттарабында иштеген ишкерлер,окуучулар үчүн теропея 840сом ал эми хирургия 1090сомду түзөт. Камсыздандырылбаган жарандар үчүн терапия 2650, хирургия 3440 сом. Өкмөт үч жылдан кош бойлуу аялдарга жеңилдик көргөзүү үчүн канды көбөйтүүчү  дарыларды жеңилдиктер менен алууга шарт түзүп берген. Чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыз адамдары Кыргыстанга келип дарылана турган болсо биздин фондко 500 сом өлчөмдөгү акча каражатын бир жылга төлөп камсыздандырылган жарандардын жеңилдиктерин алса болот. Ал эми биздин Кыргыз Республикабыз Туркия менен биргеликте иштеше баштагандан бери Туркиялыктар дагы биздин камсыздандырылган жарандарыбыз болуп эсептелинүүдө.

2017-жылдын 1-декабрынан тарта дары — дармектер жана жеңилдиктер туралуу суроолор болсо акысыз чалынуучу 113 номуру кызмат көрсөтүүдө.

Даярдаган: Толгонай Тимурова