Сүлүктүдө эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

213

Улуу Жеңиштин 73- жылдыгына арналган эрежесиз эр уруштун эл аралык турнири жыйынтыкталды. Турнирде 12 рейтинг көтөрүүчү чыгуу болуп бир башкы беттеш жана супер беттеш болду. 

Башкы беттеште тажикстандык мушкер кыргызстандык мушкердин үстүнөн упай саны боюнча жеңишке жетишти. Турнирдин Супер Беттешинде казакстандык мушкер менен кыргызстандык мушкер чыгып, кыргызстандык Умар Суюнов казакстандык атаандашын техникалык нокаут менен жеңип, SFC- турниринин жеңүүчүсү аталды.  

(сүрөттө солдо Умар Суюнов-  каймана аты Маугли).

Айта кетсек, Умар Суюнов Сүлүктү шаарынын Кошбулак айылында туулуп чоңойгон. Мелдештин жеңүүчүлөрүн Сүлүктү шаарынын жана коңшулаш Лейлек районунун жетекчилери сыйлап турушту. Турнир соңунда Кыргызстандын региондорундагы спорттук клубдардан келген мушкерлер, тажикстандык жана казакстандык мушкерлер бир ооздон, SFC- мелдешин эң мыкты деңгээлде уюштуруп өткөргөндүгү жана жагымдуу шарттарды түзүп бергендиги үчүн Эл Аралык турнирдин башкы уюштуруучусу, Москва Университетинин Синергия факультетинин спорт менеджмент адиси, Сүлүктү шаарынын Кошбулак айылында туулуп, чоңойгон Эркин Мансуровго терең ыраазычылык билдиришти.

Кабарчы:  Бакытбек Сапаркулов